Коргонуу өнөр жайында 70 пайызга жеткен жергиликтүүлүк жана улуттук катышын дагы арттырабыз

Борбор шаар Анкарада өткөн жана 2 миңдей камсыздоочу өндүрүшчү катышкан «Гүч биримдиги» жыйналышында сөз сүйлөгөн Хулуси Акар, коргонуу өнөр жайында улуттук жана жергиликтүүлүктүн маанисине басым жасады.

1139251
Коргонуу өнөр жайында 70 пайызга жеткен жергиликтүүлүк жана улуттук катышын дагы арттырабыз

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, коргонуу өнөр жайында 70 пайызга жеткен жергиликтүүлүк жана улуттук катышын дагы да арттыра тургандарын айтты.

Борбор шаар Анкарада өткөн жана 2 миңдей камсыздоочу өндүрүшчү катышкан «Гүч биримдиги» жыйналышында сөз сүйлөгөн Хулуси Акар, коргонуу өнөр жайында улуттук жана жергиликтүүлүктүн маанисине басым жасады.

Пакистан менен «Милгем» (Улуттук кеме), Катар менен «Фыртына» пушкалары, Украина менен учкучсуз учуучу апараттар боюнча келишимдер түзүлүп, бул техникаларды экспорттоо деңгээлине жеткендерине токтолгон Акар: «Дүйнөдө алдыңкы 100 тизмесине кирген Түрк фирмаларынын санынын артышы жана коргонуу өнөр жайынын сатышы жыл өткөн сайын өсүү көрсөтүшү, 2023-жыл максатыбызга карай кадам-кадам илгерилеп баратканыбыздын эң ачык белгиси. 2018-жылы коргонуу өнөр жайынын авиация сатышы 7 миллиард долларга жетти жана экспорт алгач ирет 2 миллиард доллар чегинен ашып, 2,5 миллиард долларга жакындады»,-деди.

Коргонуу өнөр жайы экспортунун 2017-жылга караганда 17 пайыздык өсүү көрсөткөнүн баса белгилеген Акар: «АТАК тик учагыбыз менен дүйнөнүн бардык жеринен кызыгууну тартуудаюыз.  Хүркуш башталгыч жана негизги билим берүү учагы, Куралдуу күчтөрүбүздүн көздөлгөнү болууга даяр. Чек араларыбызды жергиликтүү жана улуттук согуштук техникаларыбыз, дрон кармагычтарыбыз менен коргоодобуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар