Эрдоган, Сириянын Манбиж аймагы темасында АКШны берген убадаларын орундатууга чакыруусун кайталады

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуттук Улуу Жыйынындагы фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

1139312
Эрдоган, Сириянын Манбиж аймагы темасында АКШны берген убадаларын орундатууга чакыруусун кайталады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Манбиж аймагы темасында АКШны берген убадаларын орундатууга чакыруусун кайталады.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуттук Улуу Жыйынындагы фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган, сөзүндө АКШнын макулдашууга ылайык жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга колдоо көрсөтүүсүн токтотушу жана террористтердин аймактан чыгарылышы темасындагы убадаларын орундатуу чакырыгын кайталады.

Түркиянын Сириянын жеринин жана саясий бүтүндүгүн урматтаганын белгилеген Эрдоган: «Мыйзамдуулугу болгон сириялык оппозициячылдар менен отуруп сүйлөшүп, аларга жардам берүүгө аракет кылуудабыз. Коопсуздугубузду камсыздоонун жалгыз жолу Сириядагы террордук уюмдардын булактарын жоюу»,-деп атты.

ДЕАШ жана ПКК, ЙПГга булардын террордук уюмдар болушунун себебинен Түркиянын каршы чыкканына басым жасаган Эрдоган: «Евфрат дарыясынын чыгыш жагы жана Манбиж Сирия күн тартибибиздин эң маанилүү темалары болуп эсептелет. АКШнын бизге берген убадаларынын орундатылышын күтүүдөбүз. Манбиж маселеси ортодо ташталган сайын режимдин бул аймакка карай көз артуусу күч алууда. Бул аймактын калкы Түркиянын кепилдиги астында өз келечектерине өздөрү ээ болууну каалашат.  Бизге ишенишет. ПКК,ЙПГнын аймак калкына кылган зулумдугунун себебинен өлкөбүздөгү сириялыктар үйлөрүнө кайта албай жатышат. Аскердик даярдыктарыбызды дагы улантуудабыз. АКШ бизге берген убадасын орундатпаса өз киндигибизди өзүбүз кесебиз»,-деп айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен бул темаларда түшүмдүү жана үмүт берүүчү сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөрүн, бирок астыңкы деңгээлдеги жолугушууларда ушундай эле түшүмдүү боло албагандарына басым жасаган Эрдоган: «Ушул убакка дейре алдыбызга коюлган так план жок. Сабырыбыз чексиз эмес. Бир канча аптанын ичинде террористтер Манбижден чыгарылбаса күтүү мөөнөтүбүз соңуна чыгат. Өз пландарыбызды ишке ашыруу укугубуз пайда болот. Бычак сөөккө жеткенде жасай турган иштер үчүн эч кимден уруксат албайбыз, же болбосо эч кимге отчет берүү мажбурдуулугубуз жок. Санкция тизмеси менен катар эч бир коркунуч бизди бул жолдон тайдыра албайт. Аймактагы бардык уруулар качан келесиздер деп сурап жатышат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жолдошторума бул өңүттөгү буйруктардын баарын бердим»,-деп айтты.                                                                                                                                                           



Тектеш кабарлар