Түрк тобу Антарктидага жетти
17 кишилик топтун сапары 30 саатка созулду.
Үчүнчү Улуттук Антарктида Илим сапарынын алкагында жолго чыккан түрк тобу, узак сапардан кийин ак континентке жетти.
Стамбулдан 29-январда жолго чыккан 17 кишилик түрк тобунун биринчи аялдамасы Бразилиянын баш калаасы Сан-Паулу болду.
Сан-Паулудан Чилинин баш калаасы Сантьягого өткөн топ, бул жерден өлкөнүн түштүгүндөгү Пунта-Аренас шаарына, андан соң Пуэрто-Уильямско барды.
Орто эсеп менен 30 саатка созулган сапардан кийин Пуэрто-Уильямско жеткен түрк тобун, аймактын губернатору Хуан Хосе Аркос тосуп алды.
Түштүк жарым шардагы отурукташуу жери болгон Пуэрто-Уильямста 2 күн түнөгөн топ, орто эсеп менен 2 саатка созулган учак сапарынан кийин Антарктиданын Кинг-Жорж аралына барды.
Түрк тобу Кинг Жорж аралынын жээкериндеги жана 30 күн бою изилдөө жүргүзгөн «Бетанзос» аттуу иликтөө кемесине катер менен өттү.