Түркиянын эч бир жашыруун саясаты жок

Преиденттиктин басма сөз катчысы Ибразхим Калын, Түркиянын дүйнөнүн эч бир аймагында жашыруун күн тартиби жок экенин айтты.

1134643
Түркиянын эч бир жашыруун саясаты жок

Преиденттиктин басма сөз катчысы Ибразхим Калын, Түркиянын дүйнөнүн эч бир аймагында жашыруун күн тартиби жок экенин айтты.

Ибрахим Калын, Түрк кызматташтыгы жана координация агенттигинин (ТИКА) конференция залында уюштурулган «ТИКАнын Анкара жолугушуусу» программасынын ачылышында сөз сүйлөп, ТИКАнын бир гана жардам мекемеси болбогонун ошол эле убакта көңүлдөрдүн арасында көпүрө курган, дүйнөнүн бардык жериндеги карапайым калкка жардам берген мекеме экенин айтты.

Түркиянын көп жылдар бою президент Режеп Таййип Эрдогандын лидерлигинде көп багыттуу тышкы саясат перспективасын ишке ашырууга аракет кылганын белгилеген Калын, Түркиянын барган бардык жеринде «win-win» саясатын жүргүзгөн өлкө болгонуна басым жасады.

Түркия эске албаган эч бир аймактык долбоордун, саясаттын ишке ашуусунун жана ийгиликке жетүүсүнүн мүмкүн эместигине токтолгон Калын, Эрдогандын «Дүйнө бештен чоң», «Биз адамдарга кызматкер болууга келдик» сөздөрү менен бир гана Түркиянын өзүнүн саясий турумун айтпагынын, ошол эле убакта дүйнөгө көз карашын да сөз кылганына көңүл бурду.


Этикеткалар: #Түркиянын , #Эрдогандын

Тектеш кабарлар