Жеңиш эч качан террористтердики болбойт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Американын Нью-Йорк Таймс гезити үчүн макала жазды.

1121272
Жеңиш эч качан террористтердики болбойт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамптын Сириядан чыгуу чечимин чыгарып туура кадамды таштаганына басым жасады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Американын Нью-Йорк Таймс гезити үчүн макала жазды.

Макаласында Трмаптын Сириядан чыгуу чечимине токтолгон Эрдоган, чыгуунун пландалышында туура өнөктөштүктөр менен кызматташуунун керектүүлүгүнөн сөз кылып Түркиянын маанисине токтолду.

Эрдоган: «АКШнын эл аралык коомчулуктун жана Сирия калкынын кызыкчылыктарынын корголо алышы үчүн бул өлкөдөн чыгуунун кылдат пландалышы жана туура өнөктөштөр менен кызматташуусунун ишке ашырылышы керек. НАТОнун экинчи чоң армиясына ээ болгон Түркия, бул милдетти орундатуу күчү жана чечкиндүүлүгү болгон жалгыз өлкө абалында»,-деп жазды.

Сирия күрттөрү менен эч кандай маселелери болбогонуна басым жасаган Эрдоган, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын балдарга курал карматып жатканына көңүл бөлдү.

Эрдоган: «Согуш шарттарында бир топ жаштар сириялыктардын альтернативасы болбогондуктан Түркия жана АКШ тарабынан террордук уюм деп кабыл алынган ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнын катарларына кошулганын билебиз. Адам укуктарын байкоо уюмуна караганда ЙПГ террористтери балдарга курал карматып эл аралык укукту бузду. АКШнын Сириядан чыгуусунан кийин терең изилдөө жүргүзүп бала согушкерлерди кайрадан үй-бүлөлөрү менен жолугуштурабыз»,-деди.

Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүсүнө токтолгон Эрдоган, террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк белгисин берди.

«Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операцияларын жүргүзүп террордук уюмду НАТО чек араларына жеткирбей токтоткондоруна басым жасаган Эрдоган: «Түркия жана Европада террордук кол салууларды уюштуруу жөндөмдүүлүктөрүн олуттуу түрдө талкаладык. Жеңиш эч качан террористтердики болбойт. Түркия өзүнүн коопсуздугу жана  ошондой эле эл аралык коомчулуктун коопсуздугу үчүн ташташы керек болгон бардык кадамдарды таштоосун улантат»,-деп сереп салды.

Макаласында Сириянын келечегинде роль ала турган актерлор тууралуу учкай маалымат берген Эрдоган: «Башка бир алдыңкы планыбыз болсо бардык катмарлардын жетиштүү саясий өкүлдүгүнүн камсыздалышы. Түркиянын байкоосу астында, учурда террордук уюмдар ЙПГ/ПКК же ДЕАШтын көзөмөлүндө турган Сириянын жерлери эл тарабынан шайлоо менен белгиленген өкүлдөр кеңеши тарабынан башкарылат. Террордук уюмдар менен байланышы болбогон ар ким жергиликтүү башкарууларында өз коомчулуктарын өкүлдүк кылуу укугуна ээ болот»,-деди.

Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн камсыздалышы үчүн Түркиянын чоң аракет кылганына басым жасаган Эрдоган: «Түркия, бул процессте бардык кадамдарын дос жана шериктеш өлкөлөр менен кызматташтык жана колдошуу ичинде таштоону каалайт. Женева жана Астана процесстеринин курамында орун алган өлкө катары АКШ менен дагы Орусия менен дагы бир убакта кызматташа алган жалгыз үлүштөш абалда турабыз. Бул өнөктөштүктөрдүн негизинде Сириядагы маселелерди чечебиз»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар