АКШ жикчил террор уюму ЙПГ/ПЙД/ПКК менен Сирия күрттөрүн бири-бирине чаташтырбашы керек

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон жетектеген АКШ делегациясы менен Президенттик комплексинде ишке ашырган жолугушуу тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

1121783
АКШ жикчил террор уюму ЙПГ/ПЙД/ПКК менен Сирия күрттөрүн бири-бирине чаташтырбашы керек

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын жикчил террор уюму ЙПГ/ПЙД/ПКК менен Сирия күрттөрүн бири-бирине чаташтырбашы керектигин айтты.

Ибрахим Калын, Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон жетектеген АКШ делегациясы менен Президенттик комплексинде ишке ашырган жолугушуу тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

АКШ делегациясы менен Американын аскерлеринин Сириядан чыгуу процессинин кандай жүргүзүлө турганын кеңири түрдө сүйлөшкөндөрүнө басым жасаган Калын: «Чыгып кетүүдөн кийин аймакта кандай түзүлүш калтыра турганы, өзгөчө (жикчил террор уюму ЙПГ/ПЙД/ПККга АКШ тарабынан) таратылган оор куралдардын эмне боло турганы? Ал жердеги Американын аскердик базаларынын жана тылдык борборлорунун эмне боло турганы сыяктуу темалардын да ачыкка чыгарлышы керек. Бул жыйналышта бул маселелерди ар тараптуу түрдө карап чыктык»,-деди.

 ЙПГ/ПЙД/ПККга мүчө террористтер күрттөрдүн өкүлү боло албай турганына басым жасаган Калын: «Сирия күрттөрү менен ЙПГ/ПЙД/ПККнын чаташтырылышына каршы чыктык. ЙПГ/ПЙД/ПККга колдоо көрсөтүү АКШнын президенти Дональд Трамп башкаруучулугу үчүн маселе болушун улантууда. Чегинүү процессинин жикчил террор уюму ЙПГ/ПЙД/ПКК менен кошо бардык террордук уюмдарга же башка элементтерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуусуна уруксат бербешибиз керек. Биздин жикчил террор уюму ЙПГ/ПЙД/ПКК темасындагы мамилебиз так. Манбиж жол картасы макулдашылганы сыяктуу ишке ашырылышы лазым. Күрттөр менен катар Сирияда эч бир жарандын жаны жана мүлкүнүн зыянга учурабашы үчүн Түркия милдетин аткарууда, аткарат дагы»,-деп айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Болтондун жолугушуу талабын артка кайтарганы боюнча айтымдарга токтолгон Калын: «Урматтуу Президентибиздин Болтонго тастыкталган жолугушуу убадасы жок эле. Болтондун кимдин теңи экени белгилүү. Буга каршылык катары сереп салуу туура болбойт. Болтондун Израилдеги билдирүүлөрү каршы чыгууга себеп болду. «Түркия күрттөргө кыргын салат» сыяктуу айтымдар ПККнын пропагандасы болуп саналат»,-деп айтты.

Калын: «Күткөнүбүз берилген бардык куралдардын чогултулушу. Бул тууралуу иштеп жаткандарын билдиришти, бирок таржымалы алдыбыздагы күндөрдө белгилүү болот. (Операция темасында) Биз ар ким менен координация түзөбүз, бирок эч кимден уруксат албайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар