Помпеонун Түркия тууралуу чатактуу сөздөрү

Майк Помпео, өлкөсүнүн Сириядан чыгуу чечимине сереп салып жатып Түркия туурасында чатактуу маалыматты айтты.

1119094
Помпеонун Түркия тууралуу чатактуу сөздөрү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, өлкөсүнүн Сириядан чыгуу чечимине сереп салып жатып Түркия туурасында чатактуу маалыматты айтты.

Помпео, Американын NewsMax телеканалына берген маегинде, президент Трамптын Сирия темасындагы буйруктарына токтолуп жатканда, «Буларды бардык фронттордо ишке ашырабыз. Бир гана чегинүү эмес, Президент ортого салган берки бардык элементтер; Түрктөрдүн күрттөргө кыргын салбоолорун камсыздоонун мааниси, Сирияда диний азчылыктардын коргоого алынышы, булардын бардыгы учурда АКШ ортого салган миссиялардын бир бөлүгү»,-деп айтты.

Алып баруучунун Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган тууралуу «ишеничтүү өнөктөшпү?» деген суроосуна жооп берген Помпео: «Түрктөр менен иштеп чыгышыбыз керек болгон көп нерсе бар. НАТО шериктеши. Америкалыктар кызыккан жана америкалыктардын коопсуздугун камсыздаган жагдайларга абдан көп колдоо көрсөткөн жерлери бар»,-деп айтты.

«Түркия тууралуу санааркаган темалар да бар экени» жөнүндөгү айтымы менен чатактуу сөздөрүн уланткан Помпео, түрк жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди.

Алдыбыздагы аптада Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен Сирия боюнча атайын өкүл Жеймс Жеффринин Түркияга келе турганын эске салган Помпео: «АКШ үчүн жакшы жыйынтыктарды алш үчүн президент Режеп Таййип Эрдоган жана Түрк башкаруучулугу менен иштешибиз керек болгон көп тармак бар»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар