Пакистандын премьер - министри Мевлана музейин зыярат кылды

Президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга расмий сапар менен келген Пакистандын премьер  - министри Имран Хан Мевлана музейине зыярат кылды.

1118926

Имран Хан Конья аэропортунда Конья акими Жүнейт Орхан Топрак жана облустук протокол тарабынан тосуп алынды. Андан кийин коштоосундагы делегация менен Мевлана музейине барган конок премьер  - министр бул жерде Азырети Мевланын кабырында дуа кылды жана жетекчилерден маалымат алды.

Имран Хан музейден чыгышында журналисттерге берген маалыматында суфизмге кызыккандыгын айтты. Мевланынын китептерин, чыгармаларын окугандыгын айткан Имран Хан : «Пакистандын идеологиялык  атасы Мухаммед Икбалдин идеологиялык атасы Мевлана Желаледдин Румини канчалык жакшы көргөндүгүн билесиздер. Мевлана Желаледдин Руминин китептерин окудум. Бир Мевлана тууралуу изилдөөчү же адис эмесмин бирок китептерин жетеринче окудум. Мевлана суфизмдин эң улуу өкүлү»,- деди.

Пакистан улуттук акыны Мухаммед Икбалдин макамында дуа кылган Ханга Мевланынын чыгармасы Диван  - ы Кебир жана картина белек кылынды.

Тектеш кабарлар