Пакистандын премьер министри Имран Хан Аныткабрга барды

Премьер  - министр Ханды соода министри Рухсар Пекжан коштоду.

1119371
Пакистандын премьер министри Имран Хан Аныткабрга барды

Президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга келген Пакистандын  премьер  - министри Имран Хан Коньядан кийин борбор шаар Анкарада...

Түркиянын куруучусу Ататүрктүн Аныткабрдагы мавзолейине гүл чамбар коюп, эскерүүдө болгон Хан андан кийин Мисак  - и Милли мунарасында Аныткабрдын атайын дептерине кол койду.

«Бул жерле 20 -  кылымдын эң улуу мамлекеттик кызматкерлеринен жана лидерлеринен Гази Мутсафа Кемал Ататүрккө сый көрсөтүү үчүн бул жерде болуу мен үчүн абдан чоң сыймык. Ататүрк түрк калкына эң кыйын учурларында жол башчылык кылып түрк жана негизинен дүйнөнүн тарыхын өзгөрттү. Жалпы дүйнөдө колониячылдыкка каршы күрөшкөндөр үчүн илхам булагы болду. Ал тайманбастык, күч, оптимисттик жана акылдуулуктун так  бир үлгүсү эле. Пакистандын куруучусу Каиди Азам Мухаммел Али Жиннах Гази Мустафа Кемал Ататүрк тууралуу келип кеткен эң улуу кишилердин бирөөсү  деп мүнөздөгөн.

Пакистан өкмөтү жана элдин атынан Гази Мустафа Кемал Ататүрккө карата урмат – сыйымды билдирем.

Анын түрк элеинин көз карандысыздыгы жана биримдиги үчүн берген куралдуу күрөшү түбөлүккө тарых китептерине өткөн эң жакшы бөлүмдөрдүн бири катары калат»,- деп жазды.

Премьер  - министр Ханды соода министри Рухсар Пекжан коштоду.



Тектеш кабарлар