Сирия күрттөрүн жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын зулумдугуна таштап койбойбуз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» конгресс жана маданият борборунда «Майып балдардын жана мамлекеттик коргоодон пайдаланган жаштардын мамлекеттик мекемелерге жайгаштырылышы» аземинде сөз сүйлөдү.

1112900
Сирия күрттөрүн жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын зулумдугуна таштап койбойбуз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирия күрттөрүн жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын зулумдугуна таштап койбой тургандарын айтты.

Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» конгресс жана маданият борборунда «Майып балдардын жана мамлекеттик коргоодон пайдаланган жаштардын мамлекеттик мекемелерге жайгаштырылышы» аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган, сөзүндө Түрк куралдуу күчтөрүнүн Эркин Сирия армиясы менен бирге Сириянын түндүгүндөгү ЙПГ/ПКК максаттарына карай ыктымалдуу операциясына токтолуп: «Сирияда маселе эркиндик маселеси, Сириянын жеринин бүтүндүгү маселеси»,-деди.

«Бүгүнкү күндө Сирияда болгон зулумдуктун жалгыз себеби, элдин майдаланган болушу»,-деп айткан Эрдоган, «Ошол эле абал Ирак жана Йемен үчүн да жарактуу. Ливия, Сомали жана башка кан төгүлгөн аймактар үчүн дагы жарактуу. Мунун себебин өз ичибизден издемейинче, бул көрүнүштү өзгөртө албайбыз. Биз Сирияга эмне үчүн кирип жатабыз? Араб туугандарыбыздын, күрт туугандарыбыздын эркиндиктерин кайтарып бериш үчүн. Сирия арабдарын ДЕАШтын колуна таштабай турганыбыз сыяктуу, Сирия күрттөрүн да ПКК/ПЙДнын зулумдугуна калтырып койбойбуз»,-деп айтты.

Түркияда жашоосун уланткан 4 миллион сириялыктын ичинде этникалык түрдүүлүк болгонуна басым жасаган Эрдоган: «Ушул убакка дейре 300 миңдей сириялык үйүнө кайтты. Бир гана Түркия коопсуз абалга айландырган аймакка барды. Ирактагы Синжар аймагы ошондой эле түрдө коопсуз абалга айландырылат. Сирияда маселе араб, күрт, түркмөн маселеси эмес, эркиндик маселеси бар. Сириянын жеринин бүтүндүгү маселеси»,-деди.



Тектеш кабарлар