Эрдоганга Дүйнөлүк мусулман кишилик сыйлыгы ыйгарылды
Нигерияда чыккан Muslim News Nigeria гезитинин редактору Рашид Абубакир, бул тууралуу маалымат берди.
Президент Режеп Таййип Эрдоганга Ислам дүйнөсү жана эл аралык жамааттагы таасири жана күчүнүн себебинен 2018-жылдын «Дүйнөлүк мусулман кишилик» сыйлыгы берилишине чечим чыгарылды.
Нигерияда чыккан Muslim News Nigeria гезитинин редактору Рашид Абубакир, берген маалыматында « 2018-жылдын «Глобалдык мусулман кишилик сыйлыгын» Ислам дүйнөсүндө жана эл аралык жамаатта талашсыз таасири жана күчүнүн себебинен Түркиянын президенти Эрдоганга бердик»,-деди.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын ар дайым карапайым калкты жактаганына көңүл бурган Абубакир: «Акыркы убактарда Сауд Арабия менен катар араб өлкөлөрү, Израилдин палестиндерди өлтүрүүсүнө үн катпай калса президент Эрдоган, Израилге каршы үнүн бийик чыгарган лидер болду»,-деп айтты.
Эрдогандын уйгур түрктөрүн жана аракандык мусулмандарды да ар дайым жактаганын белгилеген Абубакир: «Президент Эрдоган нигериялык мусулмандардын арасында да чоң колдоого ээ»,-деп айтты.
Абубакир, мусулман лидерлер менен Ислам дүйнөсүндөгү маселелерге карата биргелешип дагы көп иш-аракет кылуу чакырыгын салды.
Бир тараптан гезиттин баа берүүсүндө , Президент Режеп Таййип Эрдогандан кийин Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани экинчи, Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мухаммед да үчүнчү орунду ээледи.
Айда эки жолу чыккан Muslim News Nigeria, Нигериядагы мусулмандардан баштап Ислам дүйнөсүндөгү жаңылыктарды чыгарып турат.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.