Пакистандын президенти түрк инвесторлорун чакырды

Пакистандын президенти Ариф Алви өлкөсүнүн инвестицияга даяр экендигин айтты.

1099931
Пакистандын президенти түрк инвесторлорун чакырды

Пакистандын президенти Ариф Алви инвестицияга даяр өлкө экендерин белгилеп, дүйнөнүн бардык жеринен, өзгөчө да Түркиядан инвесторлордун бул мүмкүнчүлүктү пайдаланышы керектигин айтты.

Президенттиктен берилген маалыматка караганда Алви октябрь айында жасаган Түркия сапарына байланыштуу темаларды сүйлөшүү үчүн Түркиянын Исламабаддагы элчиси Ихсан Мустафа Юрдакулду кабыл алды. Алви жолугушууда : «Азыркы учурда түрк инвесторлор энергетика жана базис тармактарында Пакистанга чоң инвестиция салды»,- деди.

Түркия менен Пакистан карым  - катнаштарынын бир туугандык менен бирге орток кызыкчылыктарга да таянгандыгына көңүлдөрдү бурган Алви эки өлкөнүн коргоо өнөр жайы тармагында түзгөн келишимдерге Пакистан катары маани беришкендерин баса белгиледи. Маалыматта Юрдакулдун да эки өлкөнүн карым  - катнаштарынын Алвинин жасаган сапары менен дагы да күчтөнөрүн айткандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар