АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис Сирияда байкоо жерлерин курушарын айтты

Жеймс Маттис  : «Түрк армиясы менен чек аранын маңдайында  дагы көп сүйлөшөбүз. Күнү  - түнү ачык түрдө белгиленген аймактар болот. Ушундайча түрктөр бизди так түрдө кайда экендигибизди көрө алышат»,- деди.

1092965
АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис Сирияда байкоо жерлерин курушарын айтты

АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис Түркиянын Асад режими астындагы Сириядан чыккан террордук коркутууларга карата мыйзамдуу санааларынан улам бул өлкөнүн түндүк чек арасында бир канча жерде байкоо жерлерин курушарын айтты.

Коргоо министрлигинде журналисттер менен жолугушкан Маттис, Башар Асаддын Орусия жана Ирандын колдоосу менен өлкөсүнө кыргын кылгандыгын жана өлкөнү бөлгөндүгүн айтып : «Түркиянын Сирия чек арасында орун алган бир НАТО өлкөсү катары санааркоосу үчүн бир топ себеп бар. Бул санааркоолордун баарына олуттуу карап жатабыз. Сириянын түндүк чек арасында бир канча жерде байкоо жерлерин курабыз, себеби жок дегенде биздин иш алып баруу аянтыбыздан чыккан бир нерсе көргөнүбүздө түрктөрдү эскертүүнү каалайбыз. Бул тууралуу Түркия менен жакын кызматташуу ичиндебиз. Түркия менен бул тууралуу кеңешип жатабыз. Армиябыз да тышкы иштер министрлиги да алар менен кеңешүүдө. Түркияга карата ортого чыгышы мүмкүн болгон жана көргөн бардык коркутууларды иликтөөгө аракет кылабыз»,- деди.

Жеймс Маттис  : «Түрк армиясы менен чек аранын маңдайында  дагы көп сүйлөшөбүз. Күнү  - түнү ачык түрдө белгиленген аймактар болот. Ушундайча түрктөр бизди так түрдө кайда экендигибизди көрө алышат»,- деди.

 



Тектеш кабарлар