АКШнын ПКК/ЙПГ террордук уюму менен күзөттө турушу кабыл алынбайт

Президент Эрдоган партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөгөндөн кийин журналисттерге маалымат берди.

1082690
АКШнын ПКК/ЙПГ террордук уюму менен күзөттө турушу кабыл алынбайт

Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГ террордук уюму менен күзөттө турушунун кабыл алынбай тургандыгын айтты.

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөгөндөн кийин журналисттерге маалымат берди.

Эрдоган маалыматында түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү менен бирге Манбижде биргеликте күзөт баштаган АКШнын ЙПГ/ПКК мүчөсү террористтер менен да кээ бир аймактарда күзөттө турду деген сөздөргө байланыштуу маалымат берди.

Эрдоган : «Кабыл алына турган нерсе эмес. Мындай абал чек арада олуттуу терстиктерге себеп болот. Урматтуу Дональд Трамптын бул тууралуу процессти токтоторуна ишенем»,- деди.

АКШнын Иранга карата санкцияларына байланыштуу бир суроого да жооп берген Эрдоган : «Иран санкциялары туура эмес. Дүйнөнүн тең салмактуулугун бузууга карата кадам. Эл аралык укукка да дипломатияга да тескери. Империалист дүйнөдө жашоону каалабайбыз. Биз Ирандан 10 миллиард метр куб жаратылыш газ алып жатабыз. Мындай санкцияга баш ийбейбиз»,- деди.



Тектеш кабарлар