Ички иштер министрлиги террор менен күрөшүү боюнча маалыматтарды бөлүштү

Ички коопсуздук операцияларынын негизинде акыркы бир жумада 45 террорист жок кылынды.

1081668
Ички иштер министрлиги террор менен күрөшүү боюнча маалыматтарды бөлүштү

Ички коопсуздук операцияларынын негизинде акыркы бир жумада 45 террорист жок кылынды. Алардын ичинен экөөсүнүн жогорку мартабалуу экендиги билдирилди.

Ички иштер министрлиги 29 -  октябрь жана 5 -  ноябрь күндөрүнүн арасында жүргүзүлгөн ички коопсуздук операцияларына байланыштуу сандарды бөлүштү. Министрликтин маалыматында Жандармериянын атайын кыймыл, полиция атайын кыймылы, жандармериянын десанттык бөлүктөрү менен ички коопсуздук операцияларынын негизинде түрк куралдуу күчтөрүнүн аба жана кургактык бөлүктөрү тарабынан 2, 143 операциянын жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Операциялардын негизинде 4, 577 кишинин да камоого алынгандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар