Манбижде биргелешкен күзөт иштери башталды

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана АКШнын армиясы Манбиж жол картасынын алкагында райондо алгачкы биргелешкен күзөт иштерин баштады.

1079891
Манбижде биргелешкен күзөт иштери башталды

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана АКШнын армиясы Манбиж жол картасынын алкагында райондо алгачкы биргелешкен күзөт иштерин баштады.

Түрк жана АКШ аскерлери иштерин Манбиж фронт сызыгы менен «Евфрат калканы» операциясы болгон аймактагы Жераблус районун бири-биринен бөлгөн Сажу дарыясынын айланасында жүргүзүүдө.

Тараптар биргелешкен күзөттүн алдында жүргүзгөн билим берүүлөрдү 25-октябрда бүткөрүштү.

Түркия жана АКШ, 4-июнда ЙПГ/ПККнын Сириянын түндүгүндө Евфрат дарыясынын батыш жагында басып алган Манбижден чыгышы үчүн макулдашкан.

Жол картасы 4-июндан кийинки алгачкы 3 айдын ичинде биргелешкен күзөттөрдүн бүтүрүлүп, райондун борборундагылар менен кошо ЙПГ/ПКК мүчөлөрүнүн аймактан толугу менен чыгарылышын, андан соң райондун борборундагы аскердик жана жарандык мажлистердин кайрадан түзүлүүсүн көздөйт.

АКШ тарабы, жол картасынын башталгыч баскычында эле техникалык себептерди айтып көпкө дейре кечигүүсүнө себеп болгон.

ТКК бөлүктөрү, 18-июндан бери 68 жолу координациялуу/ көз карандысыз күзөт иштерин жүргүзүп келди.



Тектеш кабарлар