Ирактагы мектепте түрк тили окутулат

Ирактын борбор шаары Багдатта бул жылы ачылган Дирайе башталгыч мектебинде түрк тили чет тили катары окутулат.

1059933
Ирактагы мектепте түрк тили окутулат

Ирактын борбор шаары Багдатта бул жылы ачылган Дирайе башталгыч мектебинде түрк тили чет тили катары окутулат.

Дирайе башталгыч мектепти Түркиянын Багдат элчиси Фатих Йылдыз ачты. Йылдыз : «Багдатта программанын бир бөлүгүндө түрк тили да болгон мектептин ачылышына катыштык. Балдар бизди түрк тилиндеги ырлар менен тосуп алды. Бул кубантуучу абал»,- деди.

Йылдыз мындай мектептердин Ирак өкмөтү менен кызматташуу түзүү менен көбөйтүү керектигин каалап, алдыдагы мезгилде эки өлкөнүн карым- катнаштарындагы байланышты дагы да күчтөндүрөрүн айтты.

Мектептин директору Йасемин Эмин болсо Иракта 2018-2019- жылдагы билим берүү жылынын башталгандыгын белгилеп, мектептин ачылышына элчи Йылдыздын катышуусуна кубанычтуу экендигин айтты.



Тектеш кабарлар