Бир жумада 28 террорист жок кылынды
ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 28 террорист жок кылынды.
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 24 - сентябрдан 1 - октябрь күндөрүнүн арасында жүргүзүлгөн операцияларда ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 28 террорист жок кылынды.
Ички иштер министрлиги бир жумалык террор менен күрөшүү тууралуу маалыматтарын бөлүштү. Ушуга караганда акыркы бир жумада ички коопсуздук боюнча операцияларда 28 террорист жок кылынып, 11 террорист тирүү жана жаралуу, 8 террорист болсо өзү багынды.
Операциялардын натыйжасында 3 облуста 11 баш калкалоочу жер, үңкүр жараксыз абалга келтирилди. Өзгөчө колдо жасалган 7 граната жана мина жардырылды. 13 граната, 506 килограмм жарылуучу зат, 16 оор жана узун свтолдуу 20 курал менен 1567 ар кандай ок дары колго түшүрүлдү.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.