Алдыдагы күндөрдө Сирия жана Балкандар менен тыгыз дипломатия жүргүзүлөт

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу алдыдагы күндөрдө Сирия жана Балкандар менен тыгыз дипломатиянын болорун билдирди.

1058537
Алдыдагы күндөрдө Сирия жана Балкандар менен тыгыз дипломатия жүргүзүлөт

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу алдыдагы күндөрдө Сирия жана Балкандар менен тыгыз дипломатиянын болорун билдирди.

АКШнын Нью – Йорк шаарына жасаган сапарынын негизинде журналисттерге маалымат берген Чавушоглу президент Р. Т. Эрдогандын Германияга сапар менен баргандыгын белгиледи. Германиядан кийин Францияга барышарын айткан Чавушоглу : «Франциянын тышкы иштер министри Жан - Ив Ле Дриан менен Сирия тууралуу жолугушуу өткөрөбүз. Саясий процесс, Идлиб жана башка темалар жана албетте террор менен күрөшүү темаларын карап чыгабыз»,- деди.

Андан кийин Швейцариянын Женева шаарына барышарын баса белгилеген Чавушоглу : «Женевага барып Батыш Балкандар жыйынына катышабыз. Бул абдан маанилүү. Батыш Балкандардагы келишпестиктер ар дайым болуп келген. Өзгөчө шайлоо учурларында бул бир аз дагы олуттуу абалга келип жатат»,- деди.

Чавушоглу бир топ өлкөнүн президенттери жана премьер  - министрлери катыша турган бул жыйынга президент Эрдогандын атынан өзүнүн катышарын жана Түркиянын Батыш Балкандарга болгон колдоосун кайталай тургандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар