Ибрахим Калын АКШ продукцияларына карата бойкот чечимин карап чыкты

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын түрк экономикасынын негизинин бекем экендигин айтты.

1032940
Ибрахим Калын АКШ продукцияларына карата бойкот чечимин карап чыкты

 Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын АКШ продукцияларына карата бойкот чечимин карап чыкты.

Өткөргөн пресс  - жыйынында түрк экономикасынын негизинин бекем экендигин айткан Ибрахим Калын жакшыга карай бара жаткандыгын билдирди.

«Түркия экономикалык согушту каалабайт. Бирок бир кол салуу болсо үнсүз калышын ойлоого болбойт»,- деген Калын тийиштүү бардык мекемелердин мындан кийин да көрө турган чаралары менен түрк экономикасындагы бул калыбына келүүнүн дагы да күчтөнөрүн күтүп жаткандарын айтты.

«Маселелердин эртерээк чечилиши керектигин күтүп жатабыз»,- деген Калын бул үчүн АКШ башкаруусунун Түркиядагы сот процесстерине сый көрсөтүшү керектигин белгиледи.

Президенттиктин катчысы Калын : «Алар бир кечил үчүн бул карым  - катнаштарды толугу менен жок кылуу, Түркия сыяктуу бир өлкөнү жоготуу жерине келип, Түркиянын мыйзамдуу жана эки негизги улуттук коопсуздук маселесинде (ПКК жана ФЕТӨ) Америка башкарууларынын, Обама жана Трамп башкаруусунун ушул кезге чейин так бир кадам таштаганын көргөн жокпуз»,- деди.

Бир тараптан Ибрахим Калын Президент Р. Т. Эрдогандын бүгүн Германиянын канцлери Ангела Меркель эртең да Франциянын президенти Еммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшөрүн билдирди.

Өткөргөн пресс  - жыйынында Астана жолугушууларына да токтолгон Калын : «Үчүнчү жыйындын сентябрь айынын биринчи жумасында Тегеранда өткөрүлүшү пландалууда»,- деди. Калын сөзүндө Манбиж жана тегерегинен жикчил террордук уюм ПЙД/ЙПГ  террористтеринин чыга баштагандыгын да белгилеп : «Күткөн нерсебиз ПЙД/ЙПГ террористтеринин баарынын Евфраттын чыгышына чегиниши»,- деди. Ошол эле учурда террордук уюмдарына кошулуунун 2018 -  жылы 61 киши менен чектүү калгандыгын белгилеген Калын мунун 30 жылдын эң төмөнкү саны экендигин айтты.



Тектеш кабарлар