Эрдоган,Трамп санкция киргизүү чечимдерин чыгарып опсуз жосун көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Президенттик комплексинде 10-Элчилер конференциясынын катышуучуларын түштөндүрүп жатканда сөз сүйлөдү.

1031512
Эрдоган,Трамп санкция киргизүү чечимдерин чыгарып опсуз жосун көрсөттү

 Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамптын санкция киргизүү чечимдерин чыгарып опсуз жосунун көрсөткөнүнө басым жасады.

Эрдоган, Президенттик комплексинде 10-Элчилер конференциясынын катышуучуларын түштөндүрүп жатканда сөз сүйлөдү.

Түркиянын акыркы жылдарда жетишкен эл аралык жеңиштеринин себебинен бутага алынганын айткан Эрдоган, акыркы убактарда Түркиянын башка тармактарда болгону сыяктуу экономикада дагы курчоого дуушар болгонун белгилеп өттү.

Эрдоган: «Түркиянын көз карандысыздыгы экономикалык кызыкчылыктарын, улуттук сыймыгын, кадыр-баркын жана жеке өзүн бутага алган бул чабуулдардын ар башка формаларына карата да даяр болушубуз керек. Акыркы жылдарда террордон экономикалык манипуляцияларга дейре бир топ операцияга дуушар болушубуздун негизги себеби улуттук кызыкчылыктарыбыз жагдайында баш тартпаган мамиле көрсөткөн болушубуз»,-деп айтты.

 Террордук уюмдар аркылуу түзүлгөн оюндарды кыска мөөнөттүн ичинде чечмелеп алдына жайгандарын баса белгилеген Эрдоган: «Сирияда ДЕАШ менен күрөшүү шылтоосу менен айланабызга курууга аракет кылынган террор тилкесине уруксат берген жокпуз»,-деди.

Валюта курсундагы абалдардын экономикалык эч бир негизи болбогону, толугу менен Түркияга кол салуу ниетинде болгону ар ким тарабынан моюнга алынганын белгилеген Эрдоган, « (Трамп) Мен кылдымбы болду дей албайсын, каалашыңча президент бол. Эмне болсон ошол бол. Кечинде жатканда башка эртең менен туруп темир-болотко мынча салык киргиздим дей албайсың. Өлкөлөр бардык эсептерин туруктуулук боюнча түзүшөт.  Мындан кийин эл аралык ишеним деген нерсе калабы? Бир тараптан стратегиялык өнөктөш болуп, экинчи тараптан стратегиялык өнөктөшүңдүн бутуна ок атуудасың. Башка тараптан Ооганстанда бардыгы таштап кетип жатканда биз менен бирге болосуң, Сомалиде бирге болосуң, НАТОдо бирге болосуң. Андан кийин туруп алып стратегиялык өнөктөшүңдү аркасынан атууга багытталасың. Ушундай нерсе кабыл алынабы? Буларга биздин болоору болду деп айтышыбыз мүмкүн эмес»,-деп айтты.

Бул кол салууларга каршы бардык бөлүмдөр менен керектүү кадамдарды таштоосун уланта тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Түркиянын экономикалык динамикалары бекем, күчтүү, ордунда жана орунда болуусун да улантат»,-деди.

Эрдоган, өлкө катары бул процессте эркин базар экономикасынын эрежелеринен эч качан баш тартпай тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар