Түркияда Коргонуу өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйналышы өттү

Коргонуу өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйналышында жалпы 13,5 миллиард лиралык наркы болгон долбоорлорго баа берилди.

1027971
Түркияда Коргонуу өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйналышы өттү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ Президенттик комплексинде өткөн жыйналышта АТАК тик учагына жаңы жөндөмдүүлүктөрдүн киргизилиши жана учкучсуз учуучу аппарат системаларына карата долбоорлор каралды.

Жыйналыш тууралуу маалымдоодо, «Чек араларыбыздын ичинде жана өлкө чек араларыбыздын коопсуздугу үчүн чек аранын тышында операцияларын ийгиликтүү жүргүзгөн коопсуздук бөлүктөрүбүздүн күчүнө күч кошкон жергиликтүү жана улуттук системаларыбызга жаңыларын кошууга карай долбоорлор каралып чыгып жаңы чечимдер чыгарылды»,делди.

Жалпы 13,5 миллиард лиралык наркы болгон долбоорлорго баа берилген жыйналышта, коргонуу өнөр жайы жана технологияларын өнүктүрүү, күчтөндүрүү, колдоо жана экспорт максаттуу ыктымалдуу инвестиция жана жакшыртуу иш-аракеттерине байланыштуу чара көрүүлөр катталган билдирүүдө айрыкча, «АТАК тик учагына жаңы жөндөмдүүлүктөрдүн киргизилиши, жаңы учкучсуз учуучу аппарат системалары, кургактык, аба жана деңиз аппараттары, баш катырма системалар, радар жана пульттук башкаруу системаларынын модернизациясы менен коопсуздук бөлүктөрүбүздүн ар түрдүү муктаждыктарынын камсыздалышына карата долбоорлорго баа берилди»,деп айтылды.



Тектеш кабарлар