Чавушоглу ASEANдын жыйналышына катышканы Сингапурга барат

Мевлүт Чавушоглу, Түштүк Чыгыш Азия Улуттар Биримдигинин (ASEAN) тышкы иштер министрлеринин 51-жыйнылышына катышуу үчүн Сингапурга бараар алдында ASEAN өлкөлөрүнүн борбор шаар Анкарадагы элчилери менен жолукту.

1021968
Чавушоглу ASEANдын жыйналышына катышканы Сингапурга барат

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Түштүк Чыгыш Азия Улуттар Биримдигинин (ASEAN) тышкы иштер министрлеринин 51-жыйнылышына катышуу үчүн Сингапурга бараар алдында ASEAN өлкөлөрүнүн борбор шаар Анкарадагы элчилери менен жолукту.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу, Филиппиндин Анкарадагы элчиси Мария Ровена Мендоса, Индонезиянын элчиси Вардана, Сингапурдун элчиси А. Селвераж, Вьетнамдын элчиси Туан Фам Ан, Малайзиянын элчиси Абда Разак бен Абдул Вахаб, Бруней-Даруссаламдын элчиси Мухаммад Шафи бин Хажи жана Таиланддын элчиси Фантифа Ламсудха Экарохит менен жолугушуу өткөрдү.

Министр Чавушоглу, бул тема тууралуу Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө, «Сингапурда боло турган ASEANдын тышкы иштер министрлеринин 51-жыйналышынын алдында ASEAN өлкөлөрүнүн элчилери менен Анкарада жолуктук. Барган сайын өнүккөн жана түрлөнгөн Түркия- ASEAN кызматташтыгы туурасында пикир алмаштык»,-деп жазды.

Сингапурдун кожоюндугунда 1-4-августь күндөрүнүн аралыгында өтө турган жыйналышка министр Чавушоглу Түркиянын атынан катышат.

Жыйналыштын алкагында Түркия менен биримдиктин ортосунда өткөн жылы сектордук диалог өнөктөштүгү карым-катнаштарынын түзүлүшүнөн кийин алгач ирет «ASEAN-Түркия үчтүк министрлер жыйналышы» өткөрүлөт. Чавуоглунун айрыкча жыйналыштын алкагында башка катышуучу өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү көздөлүүдө.

ASEANдын куруучу мүчөлөрү Индонезия, Малайзия, Таиланд, Филиппин жана Сингапур менен катар Бруней-Даруссалам, Вьетнам, Лаос, Мьянма жана Кампучия болуп бардыгы 10 мүчөсү бар.


Этикеткалар: #Чавушоглу , #ASEAN , #Сингапур

Тектеш кабарлар