Президент Р. Т. Эрдоган Түштүк Африка элчилигинин ачылышына катышты

Президент Эрдоган  2002 -  жылы Африка материгиндеги элчилик саны 12 болгон болсо эми 41ге жеткендигин айтты.

1020252
Президент Р. Т. Эрдоган Түштүк Африка элчилигинин ачылышына катышты

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын эң аз өнүккөн өлкөлөргө жардам берүүдө биринчи орунда экендигин айтты.

10 -  Бразилия – Орусия – Индия  - Кытай  - Түштүк Африка (BRICS)   саммити үчүн Түштүк Африкага барган Эрдоган Түркиянын Преториядагы элчилик жана консулдук имаратынын ачылуу аземине катышты.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Эрдоган  2002 -  жылы бийликке келгенде Түркиянын  Африка материгиндеги элчилик саны 12 болгон болсо эми 41ге жеткендигин белгилеп : «Кайдан кай жерге келгенибизди көрсөтүү жактан бул абдан маанилүү. Бүгүн глобалдык маселелерде мамилеси менен сөзү менен көңүлдөрдү буруп жаткан Түркия бар болгон болсо бул акыркы 16 жылда берилген көп тараптуу аракеттердин натыйжасы. Азыркы учурда дүйнөдө эң аз өнүккөн өлкөлөргө жардам берүүдө 8, 2 миллиард доллар менен Түркия биринчи орунда турат»,- деди.

Сөзүндө террор менен күрөшүүгө да токтолгон  президент : «Биздин көз алдыбызда террордук уюмдардын арасында эч бир айырмачылык жок. Аты, сөзү, имиджи эмне болсо болсун террордук уюмдардын баары адамзаттын орток душманы. ДЕАШ эмне болгон болсо ФЕТӨ да ошол. ПКК эмне болсо Боко Харам, Еш Шебаб да ошол»,- деди.

ФЕТӨ активдүү болгон өлкөлөрдүн бирөөсүнүн Түштүк Африка экендигин белгилеген президент Эрдоган буларды айтты : «Бул тууралуу өздөрү менен сүйлөшөм. Мындан мурда да документтерди бергемин. Бул жолу жаңы абалдар бар. Акыйкаттан да 2016 -  жылы 15 -  июлда биздин башыбызга мүшкүл ачкан террордук уюм эртең Түштүк Африканын да башына балээ болушу мүмкүн, муну эске салам. ФЕТӨнүн бул жерлерди булгашына, бул жерди базага айлындырышына, түштүк африкалык досторубуздун жоомарттыгын колдонушуна уруксат бербейбиз»,- деди.

ФЕТӨнүн 17 – 25 -  декабрда, козголоң кыймылынан мурун Түркияда болгондой кээ бир крипто элементтери менен Түштүк Африканын укуктук системасын бузушуна уруксат беришпей тургандарын белгилеген Эрдоган : «Акыркы мезгилде бул жерде болгондор ФЕТӨ менен күрөшүүнүн бир гана Түркия үчүн эмес, башка өлкөлөрдүн да коопсуздугу үчүн маанисин ортого салды»,- деди.

 



Тектеш кабарлар