Президенттиктин катчысы жаңы кабинет үчүн күн белгиледи

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын жаңы кабинеттин 8 -  июлдан кийин билдирилерин айтты.

1001967
Президенттиктин катчысы жаңы кабинет үчүн күн белгиледи

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын жаңы кабинеттин 8 -  июлдан кийин билдирилерин айтты.

24 -  июнь күнү өткөрүлгөн президенттик жана парламенттик шайлоодон кийин бардык көңүлдөр жаңы курула турган кабинетке бурулду.

Жогорку Шайлоо Комиссиясынын так шайлоо жыйынтыктарын 5 -  июлда билдириши күтүлүүдө. 8 -  июль жекшемби күнү парламентте депутаттар үчүн ант берүү аземи өткөрүлөт.

Президент Р. Т. Эрдогандын да ант беришинен кийин кабинетти билдирүү процесси күтүлөт.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын борбору АКШ болгон Блумберг телекөрсөтүү каналы менен өткөргөн маектешүүдө жаңы кабинетин 8 -  июлдан кийин билдирилерин айтты.

Орусиядан алына турган S - 400 абадан коргонуу системалары маселесине токтолгон Калын бул келишимден кайра кайтуунун болбогондугун белгиледи.

Иран менен түзүлгөн ядролук келишимден чыккан жана бул өлкөгө экономикалык санкция салган АКШнын чечимине баа берген Калын : «Түркиянын Иран менен карым  - катнаштарын тобокелдикке сала турган байланыштарга кирбей тургандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар