Премьер - министр Манбижден ПККнын уландысы ПЙД, ЙПГнин чыгарыларын айтты

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Youtube каналы Бабала твда күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

993256
Премьер  - министр Манбижден ПККнын уландысы ПЙД, ЙПГнин чыгарыларын айтты

Премьер  - министр Бинали Йылырым Түркия менен АКШнын ортосунда макулдашуу түзүлгөн Сирияда Манбиж жол картасына байланыштуу 90 күндүн ичинде бул жерден жикчил террордук уюм ПККнын уландысы ПЙД, ЙПГнин чыгарыларын айтты.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Youtube каналы Бабала твда күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

АКШ менен түзүлгөн Манбиж жол картасына токтолгон Йылдырым 90 күндүк келишимдин түзүлгөндүгүн белгилеп : «90 күндүн ичинде бул жерден ПККнын уландысы ПЙД, ЙПГ чыгарылат. Ал жердеги өкмөт жергиликтүү өкмөткө өткөрүлөт. Бул Түркиянын аракети менен ушул жерге келди»,- деди.

Террор менен күрөштө Евфраттын батышы деген нерсенин жок экендигин айткан Бинали Йылдырым : «Коркутуу Түркияга, байрагыбызга, өлкөбүзгө, калкыбызга кайдан келсе келсин биз ошол жербедиз. Өткөн күндөргө карай турган болсок даярдыктуу болууда пайда бар. Обама башкаруусу  тарабынан да алар бул жерден чыгарылмак. Бизге берилген убада бар бирок чыгарыла алган жок. Эми муну жазуу түрүндө билдирип жатабыз. Куру сөз учуп кетет жазуу болсо ордунда калат. Кол коюлду,  аткарышпаса бул алардын айыбы. Америка чоң мамлекет аны менен алектенип отуралыбы дей тургандай убактыбыз жок. Укук жана кызыкчылыктарыбыз эмнени керек кылса аны аткарабыз»,- деди.

 «АКШ мен Иракты атам, Инжирликти колдонобуз десе уруксат беребизби?»,- деген суроого жооп берген премьер  - министр Йылдырым Аданадагы Инжирлик базасынын бир гана террор менен күрөшүү максатында колдонууга уруксат берилерин эске салып : «Кандайдыр бир өлкөнү атуу үчүн базабызды колдонууга уруксат бербейбиз. Анын тышында Иран биздин 600 жылдык Каср  - ы Ширин келишиминен бери согушпаган коңшубуз. Бир коңшубузга каршы согушта аларга жардам берерибиз  ойго келбейт»,- деди.



Тектеш кабарлар