Түркия Палестинага колдоо көрсөтүүнү улантат
АКШнын каалоосу дагы бир жолу таш капты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Палестина боюнча токтом долбоорунун БУУнун Башкы Ассамблеясында кабыл алынышы менен АКШнын дагы бир жолу ойлогон оюн таш капканын айтты.
Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да токтомду чоң ийгилик деп сыпаттады.
Калын Түркиянын акылуу доосунда Палестинага колдоо көрсөтүүнү уланта турганын да айтты.
Бир тараптан Тышкы иштер министрлигинин темага байланыштуу билдирүүсүндө: «Эл аралык коомчулуктун сезимталдуу мүчөлөрү, Палестина элинин эч качан жалгыз калтырылбай тургандыгын дагы бир жолу ортого салышты»,-делди.
Билдирүүдө айрыкча БУУнун башкы катчысынын тез арада токтомду ишке ашыруусунун күтүлгөнү да белгиленди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.