Түрк куралдуу күчтөрүнүн Кандил операциясы

1 -8 - июль күнү ПККга карата жүргүзүлгөн аба операциясында 18 террорист жок кылынды.

990751
Түрк куралдуу күчтөрүнүн Кандил операциясы

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүнө 1 – 8-  июль күнү жикчил террордук уюм ПККга карата жүргүзүлгөн аба операциясында 18 террорист жок кылынды.

Башкы штабдын төрагалыгынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта аба операциясында жок кылынган террорист саны 34кө жеткендиги билдирилди. Бир тараптан түрк куралдуу күчтөрү тарабынан түнү башталган операцияда Кандил жана Синжар менен Ирактын түндүгүндөгү 12 бута жардырылды.

Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар Ирактын түндүгүндөгү Кандил, Синжар, Хакрук жана Авашин  -  Басянга карата аба операцияларын Бириктирилген кыймыл борборунда иликтеди.

«Чечкиндүүлүк менен бардык террордук уюмдарды, бардык террористтерди жок кылууда чечкиндүүбүз»,- деген армиянын генералы Акар : «Түрк куралуу күчтөрү конституциянын жана мыйзамдардын негизинде улутунун буйругунда жана дайыма ишинин башында»,- деди. Акар : «Өлкөбүзгө карата бардык коркутуулар жана коркунучтарга каршы иштерибиз улантылат. Мындан кайтпайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар