Түркиядан Грецияга качкан козголоңчулар атайын аскердик лагерде коргоого алынды

Бул маалыматты «Ta Nea» гезити, «8дерди (козголоңчулар) аскерик лагерге жашырышты» аталышы менен биринчи бетте орун берип жарыялады.

989523
Түркиядан Грецияга качкан козголоңчулар атайын аскердик лагерде коргоого алынды

Грек басма сөзү, 2016-жылы 15-июлдагы Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинен кийин Түркиядан Грецияга качкан жана сот чечими менен эркин кое берилген козголоңчулардын, уурдалуу же өлтүрүлүү санааркоосу менен аскердик лагерде коргоого алынганын жазып чыкты.

«Ta Nea» гезити, «8дерди (козголоңчулар) аскерик лагерге жашырышты» аталышы менен биринчи бетте орун берген макаласында, грек соттору тарабынан 18 айлык камоо процесси аякташынан кийин эркин кое берилген козголоңчулардын Грециядагы казармалардан бирөөнө өткөрүлүп тыгыз коргоого алынганы маалымдалды.

«Ta Nea» гезитине караганда козголоңчулар аскердик лагерде түзүлгөн жана арасында чөйрөнү көзөмөлгө алган көзгө атаар мергенчилер да орун алган 80 кишилик полициялык күч тарабынан корголгон атайын аянтта турушат. Козголоңчулардын ар биринин өзүнүн жеке бөлмөсү бар, ашкана жана зал биргелеше колдонулат.

Бир гана адвокаттары менен жолугушуусуна уруксат берилген жана психологиялык колдоо алган козголоңчуларга Түркиядагы үй-бүлөлөрү акча жана тамак-аш жөнөтө алышат.

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг: «Бул козголоңчу аскерлерди кайда болсо болушсун, аларды чогултуп Түркияга алып келүү биздин милдетибиз»,-деп айтты.

Грек медиасы Боздагдын маалыматынан кийин Греция органдарынын козголоңчуларды коргоо пландарында өзгөртүү кылгандарын жарыялаган.

Түркиянын козголоңчулардын кайтарылып берилишине карай үч жолку талабы Греция соту тарабынан четке кагылган.



Тектеш кабарлар