Түркия Колумбиядагы азык - түлүк жарманкесине катышты

Түркия жарманкеге 10дон ашуун азык  - түлүк өндүрүүчүсү менен катышты.

988720
Түркия Колумбиядагы азык  - түлүк жарманкесине катышты

Түркия Колумбияда бул жылы бешинчиси өткөрүлгөн жана бир топ өлкө катыша турган эл аралык тамак  - аш жарманкеси Alimentecке катышты.

Колумбиянын борбор шаарындагы Корфериас конгресс жана жарманке борбору Аlimentec өзгөчө Америка материгиндеги бир топ өлкөдөн азык  - түлүк өндүрүүчүлөрүн жолугуштурду.

АКШ, Аргентина, Бразилия, Түштүк Корея, Дания, Чили, Эквадор, Куба, Мексика, Панама, Перу, Венесуэла сыяктуу өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан жарманкеге Түркия да 10дон ашуун азык  - түлүк өндүрүүчүсү менен катышты.

Экономика министрлигинин колдоосу менен Стамбул экспортчулар биримдигинин негизинде жарманкеге катышкан түрк фирмаларынын өкүлдөрү зыяратчыларын «Түркия күчүн жана потенциалын көр» деген мааниге келген  англис тилинде жазылган логотип менен тосуп алды. Жарманке бүгүн өткөрүлө турган иш чаралар менен аяктайт.

 



Тектеш кабарлар