Түркия Грецияга санкция киргиздиби?

Чавушоглу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

988188
Түркия Грецияга санкция киргиздиби?

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Греция менен түзүлгөн Баш калкалоочуларды кайтарып алуу келишиминин токтотулганын билдирди.

Чавушоглу Антальяда өткөрүлгөн «Жергиликтүү медиа жолугушуусу» жыйынында сөз сүйлөдү.

Мевлүт Чавушоглу бир журналисттин: «Грецияда Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) мүчөлөрүнүн эркин койо берилишинен кийин бул өлкөгө санкция болобу?» деген суроосуна, Афина башкаруучулугу менен болгон Баш калкалоочуларды кайтарып алуу келишиминин токтотулгандыгын айтты.

Министр Чавушоглу: «Грециянын кылганы кабыл алынгыс. Төңкөрүштөрдөн эң көп жабыркаган өлкө Греция болуп саналат. Өкмөт бул маселени чындап эле чечкиси келип жатат. Грецияга Батыштан чоң кысым бар, өзгөчө грек сотуна. Аларга сырттан кысым бар. Европа Биримдиги менен баш калкалоочуларга байланыштуу келишим түзгөнбүз, бул ишке ашып жатат. Греция менен да эки жактуу Кайра кайтарып алуу келишимибиз бар, учурда бул келишимди токтоттук. Процесс толук бүтө элек бирок Грецияга карай аракеттерибиз уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар