Түркия Антарктидада илимий база курат
Базанын жери белгилүү болду.
Антарктидага илимий база курууга карай иш-аракеттер уланып жатат.
Ушул максат менен Антарктидага барган изилдөөчү топ Түркияга кайтып келди.
Сапардан кийин министрликте Түрк Антарктида сапары тобунун (TAE) жетекчиси доц. др. Буржу Өзсой менен аны коштогон делегацияны кабыл алган илим, өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлү, жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.
Антарктидада түрк илимий базанын курулуусуна карай аракеттердин ылдамдаганын белгилеген министр Өзлү: «Бул иш-аракеттердин алкагында Horseshoe аралына илимий базанын курулуусу үчүн эң ыңгайлуу жер экени аныкталды. Даярдала турган отчет каралгандан кийин база курула турчу жерге байланыштуу акыркы чечим чыгарылат»,-деп айтты.
Фарук Өзлү курула турчу базанын маанисине да токтолуп: «Биз бул базаны куруп кеңешчи өлкө статусуна ээ болуу процессин да ылдамдаткан болобуз. Максатыбыз Антарктидада сөз ээси болуу»,-деди.
Антарктидадагы түрк илимий базанын пайдубалы болсо 2019-жылы түптөлөт.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.