ТИКАдан Македонияда ооз ачыруу

Ооз ачууга Македониянын президенти Георге Иванов жана башка көп сандаган жогорку мартабалуу конок катышты.

986551
ТИКАдан Македонияда ооз ачыруу

Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги ТИКА Македониянын борбор шаары Скопияда ооз ачуу тамагын берди.

Ооз ачууга Македониянын президенти Георге Иванов жана башка көп сандаган жогорку мартабалуу конок катышты.

Түркиянын Скопия элчиси Түлин Эркал Кара ТИКАнын өлкөдө бир топ тармакта ийгиликтүү проектилерге кол койгондугун айтты. Түлин Эркал Кара : «ТИКА 2005 -  жылы Македонияда башталган, билим берүүдөн саламаттыкты сактоого, айыл  - чарба өндүрүшүнөн башкаруунун базистеринин күчтөндүрүлүшүнө, социалдык тейлөөдөн  маданий мурастын коргоо алынышына чейин 800 жүздөн ашуун проект ийгиликтүү аткарылды»,- деди.

ТИКАнын Балкандар жана Чыгыш Европа мекемесинин төрагасы Махмут Чевик да курулган ооз ачыруу дасторкону менен Рамазандын боордоштук рухун бөлүшкөндөрүн айтты. Чевик : «Бул жылы ТИКА катары рамазан айынын рухуна ылайык беш континентте  150гө жакын жерде ооз ачыруу дасторкону жайылды. Македонияда көп этникалык түзүлүшкө ээ болгон, бирден ашык коом жашаган бул өлкөдө тынчтыктын жана бир туугандыктын кандай улантыла аларын ушул күнгө чейин кандайча улантылагндыгын бул жердеги осмондуктардын тынчтык түшүнүгү менен бул жерлерде тынчтыктын түзүлгөндүгүн жана жашатылгандыгын көрдүк»,- деди.



Тектеш кабарлар