Эрдоган - Гутеррес сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Палестина жана Сирия темалары каралды.

974488
Эрдоган - Гутеррес сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган БУУнун  башкы катчысы Антонио Гутеррес менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин булактарынан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө Палестина жана Сирия темалары каралды.

Элчилигин мыйзам тышы жол менен Кудска көчүргөн АКШнын БУУнун чечимдерине тескери кыймыл кылып эл аралык тынчтыкты  коркунучка салгандыгын белгилеген Президент Эрдоган Израилдин Газадагы кыргынына эл аралык жаматтын дагы катуу каршылык көрсөтүшү керектигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган менен БУУнун башкы катчысы Гутеррес БУУнун адам укуктары кеңешинин Израилди айыптап Газадагы окуяларды изилдөө үчүн көз карандысыз териштирүү комиссиясынын курулушун кабыл алышын оң абал деп мүнөздөдү.

Ислам Кызматташтык Уюмунун кечээ Стамбулда болгон кезексиз саммити тууралуу да маалымат берген Президент Эрдоган БУУнун Жалпы Кеңешинде да бул маселени иликтөөнү улантышарын баса белгиледи.

Палестиналыктардын кыйынчылыгын жеңилдетүү үчүн биргеликте аракет кылуунун маанисине токтолгон Гутеррес Сирияда саясий чечүүчү жол үчүн Түркиянын Женева жана Астана процесстеринде көрсөткөн аракеттерин колдошкондорун белгиледи.



Тектеш кабарлар