Президенттик шайлоо процесси башталды

Президенттик шайлоо үчүн керектүү 100 миң колдун 4 – 9-  май күндөрү чогултулушу керек.

961907
Президенттик шайлоо процесси башталды

Жогорку Шайлоо Комиссиясынын 24 -  июнда боло турган президенттик жана 27 -  сезгилдик депутаттарды шайлоо үчүн шайлоо процесси баштатылды. Президенттик шайлоо үчүн керектүү 100 миң колдун 4 – 9-  май күндөрү чогултулушу керек.

Саясий партиялардын президенттик талапкерликке кайрылуулары 5 -  май саат 17:00гө чейин улантылат.

Союздаштыктын протоколу Жогорку Шайлоо Комиссиясына 6 -  майга чейин тапшырылат.

14 -  майда президент талапкерлеринин бириккен бюллетендериндеги ордуларынын белгилениши үчүн Жогорку Шайлоо Комиссиясында чүчү кулак тартылат.

20 -  майда болсо союздаштыктардын жана саясий партиялардын бириккен бюллетендериндеги ордуларынын белгилениши үчүн Жогорку Шайлоо Комиссиясында  чүчү кулак тартылат.

24 -  июнда болсо Түркия добуш берет...

Саат 23:59дан баштап президенттик шайлоонун убактылуу жыйынтыктары жарыяланат.

Биринчи  добуш берүүдө керектүү добуш алына албаса 2018 -  жылдын 8 -  июлу жекшемби күнү өтө турган экинчи турга байланыштуу процесс 25 -  июнда башталат.

25 -  июнда экинчи добуш берүү үчүн добуш берүү үгүтү башталат.

8 -  июлда өлкө ичинде өлкө ичинде добуш берилет. Жогорку Шайлоо Комиссиясы 9 -  июлда убактылуу, 12 -  июлда да так шайлоо жыйынтыктарын жарыялайт.



Тектеш кабарлар