Түркия Африндеги суу түтүктөрүн оңдоп шаарга таза суу жеткире баштады

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында террордон тазаланган Сириянын Африн аймагында жашоо калыбына келе баштады.

945335
Түркия Африндеги суу түтүктөрүн оңдоп шаарга таза суу жеткире баштады

Түркиянын аракети менен Африндин бир бөлүмүнө суу бериле баштады.

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында террордон тазаланган Сириянын Африн аймагында жашоо калыбына келе баштады.

Шаарда жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГга мүчө террористтер тарабынан казылган аң жана тоннелдердин себебинен бир топ суу түтүктөрү зыянга учураса, айрым бөлүмдөрдө да террористтердин районго кеткен суу түтүктөрүн бүтөп салганы белгиленди.

Аймакта бир топ ичиле турган суу түтүк желесинин эскилиги жеткенинен таза эместиги белгиленип, айрым багыттар кыйрап калгандыктан канализация суусунун ичиле турган сууга кошулганы байкалды.

Эскилерин алмаштыруу үчүн башталган иштердин алкагында Мейданки суу сактагычынан Африн районунун борбору жана чөйрөсүнө суу бериш үчүн жүргүзүлгөн иштердин бир бөлүмү бүткөрүлдү.

Суу сактагычтан шаар борборуна кеткен каналдар жана түтүктөрдүн бир бөлүмүнүн оңдолушунун натыйжасында суу алгач тазалоочу ишканаларга жана андан соң суу сактагычтарга толду. Кечээтен баштап оңдолгон түтүк желелерине берилген суу, район борборунун бир бөлүмүнө жетти.

Бир тараптан Жиндерес жергеси жана айланасында да зыянга учураган багыттардын оңдолушу үчүн иштер уланып жатат, эң кыска мөөнөттө Жиндересте да ичиле турган суулар ага баштайт.



Тектеш кабарлар