Президенттиктин орусча Твиттер барагы берүүсүн баштады

Твиттерде 4 тилде орто эсеп менен 10 миллион колдонуучуга маалымат жеткирген Президенттик, орусча берүүлөрүн Аккую атомдук кубаттуулук станциясынын пайдубалын түптөө аземи менен баштады.

944958
Президенттиктин орусча Твиттер барагы берүүсүн баштады

Социалдык медиа каражаты Твиттерде 4 тилде орто эсеп менен 10 миллион колдонуучуга маалымат жеткирген Президенттик, орусча берүүлөрүн Аккую атомдук кубаттуулук станциясынын пайдубалын түптөө аземи менен баштады.

Түрк, англис, араб жана француз тилдеринде берүүсүн уланткан Президенттик мекемелик Твиттер барактарына, президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин катышуусунда 3-апрелде ишке ашкан Аккую атомдук кубаттуулук станциясынын пайдубалын түптөө аземи менен орус тилинде берүүсүн да кошту.

Президенттиктин «@tcbestepe_ru» аттуу барагынан президент Эрдогандын Путинди расмий тосуп алуу аземи, Мерсин Аккуюу атомдук кубаттуулук станциясынын пайдубалын түптөө аземи жана Эрдоган менен Путин уюштурган биргелешкен маалымат жыйын түз эфирден берилди.

Орусча  берүүнүн алгачкы күнү 70 миң киши тарабынан көрүлсө, бир күн бою уланган программаларга карата орусча бөлүшүүлөр болсо 700 миңге жакын кишиге жетти.

Орусчанын кошулушу менен берүүсүн кылган тилдердин саны 5ке жетип, Президенттиктин берки тилдерде дагы берүүлөрүн баштоо үчүн даярдыктары уланып жатат.



Тектеш кабарлар