Путин менен Эрдоган Аккую атомдук станциясынын пайдубалын түптөө аземине катышты

Эки лидер Мерсиндеги пайдубал түптөө аземине Анкарадан видео конференция аркылуу катышты.

943725
Путин менен Эрдоган Аккую атомдук станциясынын пайдубалын түптөө аземине катышты
akkuyu nukleer.jpg
akkuyu nukleer.jpg
akkuyu nukleer.jpg

Аккую атомдук станциясынын пайдубалы президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин катышуусунда түптөлдү.

Эки лидер Мерсиндеги пайдубал түптөө аземине Анкарадан видео конференция аркылуу катышты.

Пайдубал түптөө аземин утурлай сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Тарыхый бир учуруга күбө болуудабыз. Аккую станциясынын пайдубалын бүгүн бул жерде Путин менен бирге түптөөнүн кубанычына бөлөндүм. 2017-жылы 7,4 пайызга өстүк. Республиканын 100-жылында дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынан бири болууну максаттап жатабыз. Бул абал энергетика муктаждыгыбыздын артышы түшүнүгүн берет. Энергия коопсуздугунун өнүктүрүлүшү максатына карай энергетиканын бардык тармактарына инвестициялар үзгүлтүксүз уланууда»,-деди.

Аккую атомдук станциясынын Түркиянын электр энергиясына муктаждыгынын 10 пайызын камсыздай турганын баса белгилеген Эрдоган, атомдук станциянын энергетика коопсуздугуна салым кошуп жатканда климат өзгөрүүсүндө да маанилүү роль ойной турганын айтты.

Эрдоган, Орусия менен аймактык маселелер жагдайында кызматташтыгын да арттырып улантууга чечкиндүү экендиктерин белгиледи.

Орусиянын президенти Владимир Путин да аземде сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын өнүккөн өлкө болгонун баса белгилеп, атомдук станциянын өлкө үчүн жаңы баскыч боло турганын айтты.

Аккую атомдук станциясынын коопсуздук стандарттарынын да эң жогорку деңгээлде боло турганын айткан Путин: «Бул станциянын процесске кириши Түркиянын потенциясын да арттырат. Ар эки өлкөдө да (Орусия жана Түркия) жумуш мүмкүнчүлүгү жаралат. Жогорку квалификациялуу адистердин жетилишинде да Түркия менен кызматташтык кылууну каалоодобуз»,-деди.

Орусиянын университеттеринде 220дан ашуун түрк окуучулары атомдук технология билимин алып жатышканын баса белгилеген Путин, Аккую атомдук станциясынын 2023-жылы тейлөөгө кире турганын айтты.



Тектеш кабарлар