Кыймылсыз мүлк жана арап - түрк саммити

12 -  кыймылсыз мүлк жарманкеси жана арап  - түрк саммити 28 – 29 -  апрелде Стамбулда өткөрүлөт.

943702
Кыймылсыз мүлк жана арап  - түрк саммити

Жергиликтүү жана чет элдик 60тан ашуун фирма 365 проекти менен катыша турган жарманкеге бул жылы булуң өлкөлөрүнөн Абу Даби, Кувейт, Сауд Аравия жана Мароккодон Египетке, Иранга чейин көп сандаган өлкөдөн 500дөн ашуун инвестор катышат. Катышуучулар бул жарманкеде түрк иш дүйнөсү менен жолугушуп, инвестицияны өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшөт. Түркия менен арап өлкөлөрүнүн ортосундагы оң карым  - катнаштар ошол эле учурда аймактагы тынчтыкка да салымын кошот.

Түркия кыймылсыз мүлктө чоң потенциалга ээ. Түрк турак жай сектору жылына 11 пайыздан ашуун баа өсүүсү менен дүйнөнүн эң ыңгайлуу турак жай базарларынан болду. Өткөн жылы чет элдиктерге турак жай сатуу 2016 -  жылга караганда 22, 2 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар