Түркия - Катар биргелешкен машыгуусу

Түркия менен Катардын ортосунда "Арстан үңкүрү" машыгуусу болуп өттү.

938543
Түркия  - Катар биргелешкен машыгуусу
turkiye-katar tatbikat2.jpg
turkiye-katar tatbikat1.jpg

Түркия жана Катардан аскердик күчтөрүнүн катышуусу менен «Арастандын үңкүрү» аттуу машыгуу 14 – 22 -  март күндөрү аткарылды.

Катар коргоо министрлигине караштуу Руханий багыттоо директорлугунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта «Арстан үңкүрү»  аттуу машыгууга Катар ички иштер министрлиги, Эмирлик гвардиясы, Мамлекеттик коопсуздук уюму, ички коопсуздук күчтөрү жардам берген куралдуу күчтөргө караштуу бардык бөлүктөр менен бирге Түркиядан аскердик күчтөрдүн катышкандыгы белгиленди. Маалыматта машыгуу менен командирлик жана абадан коргонуу системаларынын активдешүүсү, операцияны башкаруу, орток операциялардын пландалышы, аскердик күчтөрдүн ортосунда кызматташтык жана пландоонун күчтөндүрүлүшү, психологиялык согуш менен күрөш жана басма сөздүн ролун активдүү абалга алып келүү максат кылынгандыгы белгиленди. Машыгуунун диркторлугун аткарган генерал Жасим Ахмед ел  - Мүхенниди берген маалыматында машыгуунун Катар куралдуу күчтөр тарабынан жасалган жылдык кыймыл планынын уландысы экендиги жана аскердик күчтөрдүн согушуу жөндөмдүүлүгүнүн жогорулатылышында маанилүү роль ойногондугун айтты.

Түрк күчтөрү Катар менен Түркиянын ортосунда 2014 -  жылы 19 -  декабрда кол коюлган келишимдин негизинде Катардагы Тарык бин Зияд казармасына жайгаштырылган болчу. Катар менен Түркия август айында да кургактыктан жана деңизден биргелешкен машыгуу жүргүзгөн.



Тектеш кабарлар