Тель-Рифатты да көзөмөлгө алып, бул кыймылды максатына жеткиребиз

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Трабзондо партиясынын кезектеги 6-Облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

937229
Тель-Рифатты да көзөмөлгө алып, бул кыймылды максатына жеткиребиз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кыска мөөнөттүн ичинде Тель-Рифатты да көзөмөлгө алып, бул кыймылды максатына жеткире тургандарын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Трабзондо партиясынын кезектеги 6-Облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Буюрса Тель-Рифатты да көзөмөлгө алып, бул кыймылды максатына жеткиребиз»,-деди.

Манбиж темасында маалымат берген Эрдоган буларга токтолду: «Американын тез арада Манбиждин көзөмөлүн террор уюмунан алып, аймактын чыныгы ээлерине кайтарып бериши керек. Биз бул туугандарыбыз менен бирге кыска мөөнөттүн ичинде Манбижди инфраструктурасы менен кошо оңдоп, өлкөбүздө жашап жаткан аймак калкынын тез арада үйлөрүнө кайтуусун камсыздайбыз. Ал эми террор уюму бул жерден чыгарылбаса, анда бул ишти аймак калкы менен бирге биз жасаганга аргасыз болобуз».

Эрдоган: «Түркиянын корото турган бир секунду дагы жок. Ылдам кыймылдаганга аргасызбыз. Өтмүштө болгон жаңылыштыктардын, кемчиликтердин чыгымын учурда биз төлөп жатабыз. Коргоо өнөр жайында ишке ашырган реформалар болбогондо булардын эч бирин аткара алмак эмеспиз. Учурда дагы олуттуу балталоолорго туш болгонубузду көрүүдөбүз. Зооттолгон унааларыбызды, учкучсуз учуучу аппараттарыбызды, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарыбызды да жасап чыгаруудабыз. Тышкары өлкөлөрдөн сураганда бизге бербей коюшту. Алар Конгресстен уруксат берилген жок деп жатышат. Ырахмат акырында бизди буларды чыгаргыдай абалга келтиришти. Бардык маселе ишенүү, умтулуу жана аракет менен болот»,-деди.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, конгресс залынын тышында элге кайрылуусунда, «Синжарга да киребиз дедик. Эми ал жакка да операциялар башталды. Ичкериде террористтер менен күрөшүү, тышкарыда да күрөшүү. Биздин дартыбыз террористтер. Биз баскынчы мамлекет эмеспиз. Анын Батышта мисалдары бар. Биздин өтмүшүбүздө андай нерсе жок»,-деди.



Тектеш кабарлар