Ангела Меркель менен Эммануэль Макрон кызматташтык түзөт

Германиянын канцлери Ангела Мрекель менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон Европа Биримдигинин реформасы үчүн кызматташтык түзүшөрүн билдиришти.

931806
Ангела Меркель менен Эммануэль Макрон кызматташтык түзөт

Германиянын канцлери Ангела Мрекель менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон Европа Биримдигинин реформасы үчүн кызматташтык түзүшөрүн билдиришти. Эки лидер июнь айына чейин жол картасын билдирүүнү максат кылышууда.  

Германиянын канцлери Меркель кызматына кайрадан шайлангандан кийин  биринчи сапарын Францияга жасады. Меркель борбор шаар Парижде Франциянын президенти Макрон менен биргелешкен пресс жыйын өткөрдү. Эки лидер  Европа Биримдигинде пландалган реформаларда жана качкын саясатында биргелеше кыймыл кылышарын айтты.

Франциянын президенти Макрон : «Европа Биримдигинин кайрадан форма алышы үчүн июнь айына чейин ачык бир жол картасын сунуштайбыз»,- деди. Макрон бул жол картасынын Европа экономикасы, коргонуу жана качкын саясаттары менен изилдөө жана билим берүү саясатын камтый тургандыгын айтты.

Германиянын канцлери Меркель Европанын дүйнөнүн ар башка жерлеринде болуп жаткан кризиске чечүүчү жол табууда жол башчы роль ойноо керектигин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар