Президент Эрдоган : "Мен Хамаска террордук уюм катары карабаймын"

Эрдоган кечээ расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис  менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

2139076
Президент Эрдоган : "Мен Хамаска террордук уюм катары карабаймын"

Президент Режеп Таййип Эрдоган ХАМАСтын каршылык көрсөтүү уюму экенин кайталап, 1000 жакын мүчөсүнүн Түркияда дарыланып жатканын жарыялады.

Эрдоган кечээ расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис  менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Мицотакис маалымат жыйында сөз сүйлөп : «Түркия менен Жакынкы Чыгыштын ортосунда пикир келишпестик бар. Түркиянын Израилдин Газа аймагына кирүүсү жана биз террордук уюм деп эсептеген Хамаска башка бир аныктама менен караганын билебиз»,-деген сөзүнө президент Эрдоган : "Мен Хамаска террордук уюм катары карабаймын",- деп жооп берди. 

"Хамас  1947 -  жылдан бери жерлери басып алынган жана жерлерин коргоого алган каршылык көрсөтүү уюму. Тилекке каршы бул уюм Израилдин аесуз кол салууларында  45 миңге жакын кишисин жоготту. Аларды коргоо үчүн күрөшкөн каршы чыгуу уюму. Муну көрүүңөр керек. Хамаска террордук уюм десек ырайымсыз мамиле болгон болот. Мен ХАМАСты террордук уюм катары көрбөйм. Бул жерде  террордук уюм деп айтсаңар, капа болобуз. ХАМАСтын 1000ден ашуун мүчөсү менин өлкөмдө дарыланууда. Батыш аларга ар кандай куралдар менен кол салууда, эгер силер бул жерлерден жалгыз  калган Хамасты террордук уюм десеңер капа боломун»,-деди Эрдоган.
 



Тектеш кабарлар