"Шейит жана ардагерлердин бир тамчы каны жерде калбайт"

Хулуси Акар «Зайтун бутагы»  операциясына байланыштуу маалымат берди.

921864
"Шейит жана ардагерлердин бир тамчы каны жерде калбайт"

Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар шейит жана ардагерлердин бир тамчы каны жерде калбай тургандыгын айтты. Акар : «Шейит жана ардагерлердин эч биринин бир тамчы каны жерде калбайт. Террористтер менен буларга жардам берген күч борборлору сөзсүз жеңилүүгө учурайт»,- деди.

Хулуси Акар «Зайтун бутагы»  операциясына байланыштуу берген маалыматында : «Күрөшүбүздү аскерлербиз, жандармериябыз, полициябыз, коопсуздук күчтөрүбүз жана Эркин Сирия Армиясы менен бирдикте акыркы бир террористти жок кылганга чейин чечкиндүүлүк менен улантабыз»,- деди. Акар : «Операция учурунда бардык кыймылдар аскердик жана адамзаттык баалуулуктар  маанисинде башка өлкөлөргө үлгү боло тургандай түрдө аткарылууда. Операция аймагында калган жарандардын негизги муктаждыктары камсыз кылынууда. Медициналык жана башка жардам материалдарынын жеткирилишине мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө»,- деди.

 



Тектеш кабарлар