Президент Р. Т. Эрдоган Африка туруна чыгат

Президент Р. Т. Эрдоган Африка турун 26 -  февраль, 2 -  март күндөрүнүн арасында ишке ашырат.

917386
Президент Р. Т. Эрдоган Африка туруна чыгат

Президент Р. Т. Эрдоган Алжир, Мавритания, Сенегал жана Малини камтыган Африка туруна чыгат. Президенттик басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда Эрдоган Африка турун 26 -  февраль, 2 -  март күндөрүнүн арасында ишке ашырат.

Президент Эрдогандын кесиптештери менен өткөрө турган жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушууларда, эки тараптуу карым  - катнаштар менен кызматташтыктардын брдык тараптары менен каралышы, аймактык жана эл аралык абалдар тууралуу пикир алышууларда болушу күтүлүүдө.

Эрдоган Түркиянын Африкадагы күчтүү тарыхый байланыштары бар жана маанилүү экономикалык өнөктөштөрүнөн Алжирди  президенттик сыпаты менен барат. Алжирден кийин Мавританияда  28 -  февраль шаршемби күнү жолугушууларды өткөрө турган Эрдоган бул сапарынан кийин эки тараптуу карым  - катнаштар мыкты деңгээлде болгон Сенегалга барат.

Сапарынын акыркы аялдамасында болсо тектүү тарыхы жана маданий карым  - катнаштарга ээ болгон Малиге барат. Маалыматта президент Эрдогандын Мавритания жана Мали сапарларын Түркиядан бул өлкөлөргө президенттик сыпаты менен ишке ашырылган алгачкы расмий сапар болушу жактан тарыхый мааниге ээ экендиги белгиленди. Сапарларынын негизинде Алжир жана Сенегалда иш форумдары да өткөрүлөт.

 

 



Тектеш кабарлар