Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кувейтте
Мевлют Чавушоглу Кувейтте ирактык кесиптеши Ибрахим ел - Жафери жана Кувейттин премьер - министринин биринчи орун басары жана тышкы иштер министри Сабах ел - Хамад ес – Сабах менен жолугушту.
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кувейтте ирактык кесиптеши Ибрахим ел - Жафери жана Кувейттин премьер - министринин биринчи орун басары жана тышкы иштер министри Сабах ел - Хамад ес – Сабах менен жолугушту.
Мевлют Чавушоглу : «ДЕАШ менен күрөшүүдө эл аралык коалициянын тышкы иштер министрлеринин жыйынына» жана «Ирактын кайрадан курулушу боюнча эл аралык конференцияга» катышуу үчүн барган Кувейтте Баян Паласета ел - Жафери жана ес - Сабах менен жолугушууларды өткөрдү.
Чавушоглу - Жафери жолугушуусунда эки тараптуу жана аймактык абалдар менен бирге Ирактын кайрадан курулушуна байланыштуу конференциядан мурда пикир алышууларда болушту. Чавушоглу Жафериге Түркиянын Иракка карата күчтүү колдоосун кайталады.
Чавушоглунун кувейттик кесиптеши Сабах менен жолугушуусунда да эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги сапарлар менен ылдамдаган карым - катнаштарды дагы да өнүктүрүү тууралуу эрктин такталгандыгы жана аймактагы абалдар каралды.