Түркия - Африка өнөктөштүк конференциясы Стамбулда болот

Конференцияда Түркия менен Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү каралат.

907422
Түркия  - Африка өнөктөштүк конференциясы Стамбулда болот

Стамбул 12 -  февралда Африка өлкөлөрүнөн көп сандаган министр жана өкүлдүн катышуусу менен өткөрүлө турган «2 -  Түркия  - Африка өнөктөштүгүнүн министрлер деңгээлинде карап чыгуу» конференциясын өткөрөт. Конференцияда Түркия менен Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү каралат.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жыйындын келерки жылы Түркияда өткөрүлө турган 3 -  Түркия  - Африка өнөктөштүк саммитине даярдык максатында экендигине, конференциянын Түркиянын Африка Биримдиги стратегиялык өнөктөшү болушунун 10 -  жылына туш келгендиги билдирилди.

Конференцияга Африка Биримдиги өкүлдөрү менен 19  Африка өлкөсүнөн министр жана өкүлдөрүнүн катышары бөлүшүлгөн маалыматта, иш чарада Түркия жана Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты дагы да алдыга жылдыруу үчүн таштала турган кадамдардын каралып чыгары билдирилди.

«2 -  Түркия  - Африка өнөктөштүк саммити» 2014 -  жылы Экватор Гвинеясынын борбор шаары Малабодо өткөн.

 



Тектеш кабарлар