Иерусалимде Түркиянын изилдөө борбору курулат

Жогорку билим берүү мекемеси ЙӨК Иерусалим эмгектери жана изилдөө борборунун курулушуна чечим чыгарды.

907157
Иерусалимде  Түркиянын изилдөө борбору курулат

Иерусалим үчүн Түркиянын биринчи изилдөө борбору курулууда

Жогорку билим берүү мекемеси ЙӨК маселени эл аралык коомчулуктун күн тартибинде кармап туруу үчүн илимий эмгектер жүргүзүлө турган Иерусалим эмгектери жана изилдөө борборунун курулушуна чечим чыгарды.

Борбор Мармара университетинин негизинде курулат. Борбордун курулушуна байланыштуу долбоор даярдалып, иш алып баруу жана методу менен негиздери да белгиленди. Максат ислам дүйнөсү жана Жакынкы Чыгыш тарыхынын негизги маселелеринен болгон Иерусалим маселесин эл аралык коомчулуктун күн тартибинде кармап туруу.

Борбордо Иерусалимдин тарыхый, социалдык түзүлүшү, саясий абалы сыяктуу тармактарда илимий жана маданий эмгектерди аткарат. Ушунун негизинде улуттук жана эл аралык деңгээлде семинар,  паннель, симпозиум, конференция жана ушуга окшогон иш чаралар өткөрүлөт. Булар менен катар Иерусалим тууралуу магистр жана докторантура  эмгектерине да колдоо берилет.

 

 



Тектеш кабарлар