Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Канадада чыккан бир журналга маек берди

Мевлют Чавушоглу өзгчө Ирактын эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн сактап калуунун Түркия үчүн турмуштук мааниге ээ экендигине көңүлдөрдү бурду.

902620
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Канадада чыккан бир журналга маек берди

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу : «Америка армиясынын ПЙД/ЙПГ террористтерине берген аскердик жардам, Түркиянын  коопсуздугуна эле коркунуч туудурбастан узун убакыттан бери келе жаткан өнөктөштүгүбүзгө да зыянын тийгизүүдө»,- деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Канадада жарыяланган бир журналга түрк тышкы саясаты тууралуу бир топ темага байланыштуу маанилүү маалыматтарды берди.

Чавушоглу : «АКШ менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды улантуудабыз жана байланыш каналдарыбызды ачык кармоонун маанилүү экендигине ишенебиз»,- деди.  Чавушоглу : «2018 -  жылдын Сирияда кагылышуунун акыркы жылы болушу үчүн Астана, Сочи жана акырында Женева сүйлшүүлөрүнөн так жыйынтыктардын чыгышына ишенүү менен аракетибизди улантабыз»,- деди.

Мевлют Чавушоглу өзгчө Ирактын эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн сактап калуунун Түркия үчүн турмуштук мааниге ээ экендигине көңүлдөрдү бурду.

Ирак күрт аймактык башкаруусунун 2017 -  жылдын 25 -  сентябрында мыйзам тышы элдик добуш берүүсүнө каршы чыгышкандарын да эске салган Чавушоглу Ирак күрт калкын эч качан бутага алышпагандарын айтты. Чавушоглу Иерусалимдин статусу тууралуу да буларды билдирди : «Иерусалимди коргоо бүткүл адамзаттын милдети деп, эч кимдин Иерусалимдин статусу тууралуу бир тараптуу же калааганындай чечим чыгаруу укугуна ээ эмес»,- деди.

Тышкы иштер министри Түндүк Кореянын ядролук жана баллистикалык ракета сыноолоруна да токтолду. Министр Чавушоглу Түндүк Кореянын эл аралык мыйзамды бузгандыгын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар