Террордук уюмдарга оор сокку урулууда

Африн террористтерден тазаланууда.

902261
Террордук уюмдарга оор сокку урулууда

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында уланган «Зайтун бутагы» операциясында террордук уюмдар ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка таандык туннелдердин, жайлардын жок кылынганын айтты.

Премьер-министр Анкара-Нигде авто жолунун Гөлбашындагы пайдубал түптө аземинде сөз сүйлөдү.

Йылдырым: «Туннелдерин, жайларын, бардык нерсесин жок кылдык, аларды ал жерлерден тазалайбыз»,-деди.

Премьер-министр: «Бул мыкаачылар Афринден Рейханлыга, Хатайга, Килиске 12 күндүн ичинде 82 даана снаряд атышты. Бул снаряддардын себебинен 5 жараныбыз каза болду жана 100дөн ашуун адам да жаракат алды. Өрттөлгөн имараттар, мечиттер буларды камтыбайт. Анда бул абалда эмне кылабыз биз? Колубузду байлап бул каңкорлордун күнөөсүз адамдарга снаряд, бомба атышын күтүшүбүз керекпи? Күткөн жокпуз, аларды таасирсиз кылдык. Террор менен күрөшүүдө өлкөнүн ичинде жана тышында буларды жок кылганга дейре күрөшүүнү улантабыз. Максатыбыз улуттун тынчтыгын, коопсуздугун камсыздоо»,-деди.



Тектеш кабарлар